Радио

Чолоева: акча которууда кайсы система ыңгайлуу экенин билүү жакшы

Өлкөдөгү коммерциялык банктардын биринин операциондук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Гүлмира Чолоева чет мамлекетте иштеп жүргөндөр акча которууда бирдиктүү системаны колдонгону ыңгайлуу экендигин айтты.
Sputnik
Чолоева: акча которууда кайсы система ыңгайлуу экенин билүү жакшы

Акча которуу системалары дареги көрсөтүлбөгөнү менен ыңгайлуу. Жөнөтүп жаткан адам алуучунун атын, фамилиясын жана атасынын атын билгени жетиштүү. Бул тууралуу Гүлмира Чолоева Sputnik Кыргызстан радиосуна маалымдады.

Анын айтымында, которулган акчанын алуу убактысын жана кайсы банктан аларын алуучу өзү тандайт.

"Чет мамлекеттерде иштеп жүргөн мигранттардын банк кызматкерлерине эң көп "Кайсы акча которуу системасы ыңгайлуу?" деген суроо берери аныкталды. Чындыгында мекендеги жакындарына дайыма акча которуп турган адамдар үчүн ылайыкташкан системаларды билип алуу акча которуу процедурасын бир топ жеңилдетет. Мисалы: "Золотая Корона", CONTACT, Western Union, "Юнистрим" жана MoneyGram аркылуу акча которуу үчүн алуучунун аты, фамилиясы жана атасынын аты гана керектелет. Келген акчаны бир канча мүнөттөн соң дароо алууга мүмкүн. Ошондой эле кайсы банктан алуучуга ыңгайлуу болсо, ошол жерден ала алат. Ал эми банктан банкка которууда бир гана көрсөтүлгөн дарек боюнча алууга болот", — деди Чолоева.

Ал Улуттук банктын маалыматына таянуу менен чет мамлекеттерде иштеп жүргөн кыргызстандыктар жылына 2 миллиард сомго жакын акча которсо, анын 80 пайызы Россияда иштеп жүргөн эмгек мигранттарынан келери кошумчаланды.