Статком: акча тамак-аштан да салыкка көп кете баштады

Ведомство 2013-2017-жылдар ортосундагы маалыматтарды келтирген.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек — Sputnik. Кыргызстандыктардын тамак-ашка жумшаган акчасы азайып, ал эми салыкка төлөгөн акчасы көбөйгөн. Бул туурасында Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Үй алууга акча жетпейт. Бишкектегилердин канчасы ижарага алган турак жайда жашайт
Ведомство 2013-2017-жылдар ортосунда чыгымды эл эмнеге жумшагандыгын эсептеп чыккан. Бул мезгил аралыгында сумма 2800 сомдон 3,5 миң сомго чейин өскөн.

Азык-түлүккө кеткен акча алгач, көп болсо, 2015-жылдан тарта азая баштаган.

Муну менен катар эле салык төлөөгө, азык-түлүк эмес товарларга жана акча төлөнгөн кызматтарга кеткен каражаттын көлөмү көбөйгөн.