Кыргызстандык мигрант кыз. "Айка" тасмасы "Оскардын" кыска тизмесине кирди

Киноакадемиянын сыйлыгына тандалып алынган беш номинант 22-январь күнү АКШда белгилүү болот. Ал эми сыйлык тапшыруу аземи 24-февралда өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Режиссер Сергей Дворцевойдун "Айка" драмасы тогуз талапкердин ичинен "Оскар" сыйлыгынын "чет тилдеги мыкты тасма" категориясынын кыска тизмесине илинди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Тасма сыйлыкка Казакстандын атынан коюлган. "Оскарга" номинанттардын катарында мексикалык Альфонсо Куарондун "Рим" тасмасы, Канн кинофестивалында "Алтын пальма бутагы" сыйлыгына татыган япониялык Хирокадзу Корээданын "Магазинные воришки" фильми, поляк режиссеру Павел Павликовскийдин "Холодная война" кинокартинасы, Ливанда тартылган "Капернаум" тасмасы, немецтердин Never Look Away фильми, Даниянын "Виновен" тасмасы жана Колумбиянын Birds of Passage чыгармалары бар.

Кулмендеев: Айтматов 25 жыл кыргыз киносун жетектеп турган
Буга чейин "Оскардын" "Чет тилиндеги мыкты тасма" бөлүгүнө көрсөтүлүп жаткан россиялык режиссер Константин Хабенскийдин "Собибор" кинокартинасы тизмеге илинбей калган.

Киноакадемиянын сыйлыгына тандалып алынган беш номинант 22-январь күнү АКШда белгилүү болот. Ал эми сыйлык тапшыруу аземи 24-февралда өтөт.

"Айка" тасмасынын негизги сюжети кыргызстандык жаш келиндин оор тагдыры тууралуу тартылган. Аталган фильм буга чейин Канндагы фестивалда элге жаккан эмгектердин бири болгон. Ал эми андагы баш каарман казакстандык актриса Самал Еслямова "Айка" фильминдеги образы үчүн "Аялдын мыкты ролу" номинациясын алган.