Түштүк магистралдагы паркта жүргөн курулуш мыйзамдуубу? Бийликтин жообу

Буга чейин Байтик баатыр көчөсүн бойлой парктын аймагына көп кабаттуу үй курулуп жатканы кабарланган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Дайыр Асанов атындагы парктын жанындагы жер сквердин аймагына кирбей турганын жана курулуш үчүн уруксат берилгенин Таш-Дөбө айылынын башчысы Бакыт Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Буга чейин Байтик баатыр көчөсүн бойлой парктын аймагы бир түндүн ичинде эле курчоого алынып, атайын тосмолор орнотулганы кабарланган. Бишкек мэриясынын маалыматында аталган жерде көп кабаттуу үйдүн курулушу башталып, бул аймак Чүй облусунун Аламүдүн районуна карайт. Аталган жер Таш-Дөбө айылынын чечими менен А.Матиев аттуу жаранга берилген.

"Жер чындыгында биздин аймакка карайт жана жеке кишиге мыйзамдын негизинде берилди. Жаңы ээсинин бардык документтери бар", — деди Бейшеналиев.

Кыргызстанда быйыл былтыркыга караганда курулуш иши көп жүргөн
Таш-Дөбө айыл аймагынын жер иштери боюнча башкы адиси Азамат Намазалиевдин айтымында, аталган аймак паркка тиешелүү эмес жана турак жай куруу үчүн берилди.

"2011-жылы бул жерди жеке тарап алган, былтыр февраль айында тилке Матиевге сатылды", — деди Намазалиев.

Ал ошондой эле Аламүдүн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин адистери 8 кабаттуу үй курууга уруксат берген.

Sputnik Кыргызстан редакциясы бул жер тилкесине курулуш жүргүзүүнүн мыйзамдуулугун, парктын аймагы кандай жол менен жеке тараптарга берилип кеткенин иликтейт.