Евро, рубль, юандан да туруктуу болуптур. Сомдун кадыры

Sputnik Кыргызстан сомдун туруктуулугун башка ири өлкөлөрдүн улуттук валютасына салыштырып чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Сом башка өлкөлөрдүн туруктуу валюталарына караганда бир топ туруктуу экендиги белгилүү болду.

Анын долларга болгон курсунун жыл башындагы жана жыл соңундагы көрсөткүчүн салыштырып чыктык.

  • Фунт стерлинг 1.35 —1.26;
  • Сом 68.84 — 69.84;
  • Юань 6.49 — 6.9;
  • Евро 1.20 —1.13;
  • Тенге 332.33 — 371,21;
  • Рубль 57.6 — 66,43;
  • Түрк лирасы 3.79 — 5.38;

Кыргызстан "Бизнес жүргүзүү" рейтингинде позициясын жакшыртты
Андан сырткары, булардын сомдун курсуна карата кандай өзгөргөнүн эсептедик. Көрсөтүлгөн бааларды Улуттук Банк бекиткен. Графикке 20 тыйындан 18 тыйынга чейин арзандаган теңге боюнча маалыматтар кирген жок.

Ошентип, дүйнөлүк валюталардын жана соода өнөктөштөрүбүздүн ичинен кыргыз сому британ фунту менен доллардан кийинки эле туруктуу болгон акча бирдиги болуп калды.