БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Россиядан кароосуз калган жети жетим бөбөктү ишемби күнү Кыргызстанга алып келишти. Бул туурасында КРдин Россиядагы элчилигинен кабарлашты.
Маалыматта кароосуз калган жети бөбөктүн тиешелүү документтери, анын ичинен жолго чыккандагы кагаздары толтурулгандыгы айтылат.
Элчилик ал балдар Кыргызстандын атуулдары экендигин билдирген.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги балдардын кайда жайгаштырыла тургандыгын айтты.
"Россиядан эки айлык ымыркайдан баштап үч жашка чейинки жети баланы алып келдик. Бөбөктөр Бишкек шаарындагы балдар үйүнө жайгаштырылды. Эми алардын туугандарын, чоң ата-чоң энесин, таята-таянесин жана башка туугандарын издейбиз", — деп айтышты аталган министрликтен.
"Жетим балдардын укугун коргоо" коомдук фондусунун жетекчиси Игорь Беляев Кыргызстандагы балдар үйүндө багылган бөбөктөрдүн 96 пайызынын ата-энеси бар экендигин айткан.