Министрлик Токмоктогу жол кырсыктан тирүү калгандардын абалы боюнча маалымат таратты

Жол кырсыктан беш киши каза болуп, үч киши ооруканага жеткирилген. Бирөөнүн абалы оор.
Sputnik

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Токмокко жакын жерде 16-декабрда үрөй учурган жол кырсыгынан аман калган үч кишинин абалы кандай экени боюнча Саламаттык сактоо министрлиги маалымат берди.

Жүрөктүн үшүн алат! Оштогу эки кишинин өмүрүн алган жол кырсыгынын видеосу
Белгилей кетсек, Toyota автоунаасынын айдоочусу чыгыштан батышты көздөй баратып Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 50-чакырымындагы айланма жолдон каршы тилкеге чыгып, Volkswagen машинасы менен кагышкан. Анын кесепетинен Volkswagen күйүп кеткен. Эки автокөлүктүн айдоочулары жана Volkswagen машинасындагы үч жүргүнчү дароо каза болгон. Toyota автоунаасындагы үч киши аймактык ооруканага жеткирилген.

Жабыркагандардын бири — 22 жаштагы баланын башы жарылып, мээси чайкалган. Абалы туруктуу, бирок оор, учурда кайра жандандыруу бөлүмүндө.

45 жаштагы киши да башынан жаракат алып, мээси чайкалган. Сол ийини сынып кеткен. Омурткасы сынып жүлүнүнө доо кеткен. Ал Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө которулду.

Ал эми 42 жаштагы киши да башынан жаракат алып, мээси чайкалган. Акыреги сынып, омурткасы кокустаган. Ал да Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө которулду.