БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кипрдин Морфу шаарында 13 жаштагы кыргызстандык бала каза болду. Бул туурасында evropakipr.com жаңылыктар порталы жазды.
Кыргызстандык өспүрүмгө 13-декабрдын кечинде издөө жарыяланган. Эртеси анын сөөгү Мевлеви аскер полигонунун жака-белинен табылганы айтылат.
Түркиянын Түндүк Кипрдеги бийлиги каза болгон баланын аты-жөнүн тактап, ал Мустафа Исмаилов экенин жарыялады. Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча кыргызстандык өспүрүм аскер полигонунда атылып, бирок жарылбай калган снарядды басып алган.
Ал эми Тышкы иштер министрлиги бул боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.