Дүйнөдөгү эң кымбат тамактын баасы 100 миң доллардан ашат

Альбинос белугалардын икрасы 8-10 жылдан кийин гана алууга даяр болот.
Sputnik

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Дүйнөдөгү эң кымбат тамак деп Strottage Bianco аттуу икра табылды. Аталган икра альбинос Сибирь белугаларынан алынат. Аны "ак алтын" деп да атап коюшат. Бул тууралуу Great Big Story порталы жазды.

Альбинос Сибирь белугасынын икрасы алынгандан кийин анын үстүнө 22 караттык алтын себилет. Ошентип анын бир килограммы 113 миң долларды чапчыйт.

Бир килограмм даяр икраны даярдоого беш килограмм икра керектелет. Андан сырткары, альбинос белугалардын икрасы 8-10 жылдан кийин гана жетилип даяр болот.

Алгач альбинос белугалары Каспий деңизин дагы байырлап келишкен, бирок учурда алардын саны бир топ кыскарып, анын икрасы мурдагыдан да кымбаттап, жогору бааланып жатканын басылма баса белгилеген.