Апта ирмеми: ай чырай сулуулардан поезддин кыйрашына чейин

Sputnik

Норвегиянын борбору Осло шаарында 2018-жылдын Нобель сыйлыгы сексуалдык зомбулукту согуш куралы катары колдонууну токтотууга болгон аракет үчүн берилди.

АКШнын Бостон калаасында Santa Speedo Run деп аталган Рождество майрамына арналган марафон болуп өттү.

"Аалам сулуусу — 2018 " сынагынын жеңүүчүсү аталды. Видео
Түркияда Анкара — Конья каттамы менен бара жаткан катуу ылдамдык менен жүргөн поезд кырсыктап, 9 киши каза тапты. Дагы 84 адамдын ар кандай жаракат алганы айтылды.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюп, куран окутушту.

Конгодо 500дөй адам Эбола дартын жуктуруп алганы айтылды.

Бангкокто (Таиланд) эл аралык "Аалам сулуусу — 2018" сынагы өтүп, таажы үчүн кыргызстандык сулуу Бегимай Карыбекова да катышты.

1 / 18
Ирактык укук коргоочу (солдон экинчи) Надя Мурат менен Конго мамлкетинин гинекологу Дени Муквеге (оңдон экинчи) Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгынын тапшыруу аземинде. Осло.
2 / 18
Бейшемби күнү эртең менен Түркиянын Анкара шаарынан Коньяны көздөй бара жаткан катуу ылдамдык менен жүрүүчү поезд локомотив менен кагышып, үч вагону рельстен чыгып кеткен. Кырсыктан жөө адамдар өтүүчү өтмөк кыйраган. Тогуз киши каза таап, 84 адам жабыркаган. Анын 34ү ооруканада экени айтылды.
3 / 18
Парижде "сары күрмөчөндөр" жабыркаткан Триумф аркасындагы статуя.
Бийликтин жүргүзгөн саясатына макул болбогон жана күйүүчү майдын кымбатташына нааразычылык жараткан "сары күрмөчөндөр" 17-ноябрдан тарта акция өткөрүшүүдө. Алгач бензинге болгон бааны төмөндөтүүнү талап кылып, кийинчерээк дагы бир топ сунуштарды айтышкан. Нааразылык акциялары полиция менен кагылышуу, автоунааларды өрттөө, дүкөн жана банктарды талкалоо менен коштолгон.
4 / 18
Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койгон Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева. Улуу жазуучу 12-декабрь күнү 90 жашка чыкмак.
5 / 18
Бангладештин Кокс-Базар шаарынын жанындагы качкын рохинжалар баш калкалаган Балакули лагери
6 / 18
Газ сектору менен чектешкен аймакта изралдик аскерлер менен кагылышуу маалында колуна таш алган палестиналык кыз
7 / 18
Кытайда ачуу калемпир жеп жарышкан таймаш өттү
8 / 18
Кремлде өтүүчү III эл аралык кадеттер балы. Катышуучулар тыныгуу учурунда.
9 / 18
Таиланддын Бангкок шаарында "Аалам сулуусу — 2018" эл аралык сынагы болуп өттү. Ага Кыргызстандын атынан Бегимай Карыбекова катышты.
10 / 18
Кычыраган аязда балык уулаган киши. Россия, Красноярск крайы
11 / 18
Конгодо Эбола вирусунан каза болгон адамдын табытын дезинфекциялап жаткан медицина кызматкерлери. Ушу тапта аталган дартты жугузуп алгандардын саны 500гө чукулдады. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча илдеттен 290 киши набыт болгон.
12 / 18
АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп Вашингтондогу балдар ооруканасына барып китеп окуп берди
13 / 18
Испаниянын түштүгүндөгү Малага портунан кармалган мигранттар
14 / 18
Мурунку транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду орун басарынын пара алуусунан улам Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков сынга алды. Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жатып кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча паранын жалпы көлөмү 500 миң доллардан ашык болгон.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Калиловдун отставкасы боюнча президентке сунуш киргизип, Жээнбеков аны кабыл алды.
15 / 18
АКШнын Бостон шаарындагы Рождествого арналган марафон
16 / 18
Индиянын Мумбаи шаарында капуста салынган капты көтөрүп бараткан киши
17 / 18
Төшүн жылаңачтап алган беш аял Париждин Елисей талаасында акцияга чыкты. Алар үстүндөгү кызыл кофтасынын боорун ачып, денеси менен бетин боеп алышкан.
18 / 18
"Аалам сулуусу — 2018" сынагынын Коста-Рикадан барган катышуучусу