"Аалам сулуусу — 2018 " сынагынын жеңүүчүсү аталды. Видео

Аалам сулуусу аталган Грэй 24 жашта.
Sputnik

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Филиппиндик Катриона Грэй эл аралык "Аалам сулуусу — 2018" сынагынын жеңүүчүсү деп табылды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Конкурстун эң толкундаткан ирмеми сынактын Instagram баракчасына жарыяланды.

Сынактын сайтында жазылгандай, жеңүүчү Грэй 24 жашта. Ал ВИЧ/СПИД илдети менен күрөшкөн Love Yourself уюмунда иштейт. Мындан сырткары, Young Focus деп аталган коммерциялык эмес уюмдун ыктыярчысы.

Конкурс красоты "Мисс Вселенная — 2018" в Бангкоке

Экинчи орунду Венесуэланын сулуусу Стефани Гутьеррес алган.

Конкурс красоты "Мисс Вселенная — 2018" в Бангкоке

Сынактын финалы дүйшөмбү күнү Таиланддын борбору Бангкок шаарында өттү. Калыстар тобунун ар бир мүчөсү Азия, Африка, Европа, Түндүк жана Түштүк Америка өлкөлөрүнөн бештен катышуучу тандап алышкан. Ал эми таажы үчүн Түштүк Африка Республикасы, Филиппин, Непал, Вьетнам, Таиланд, Польша, Бельгия, Улуу Британия, Венгрия, Ирландия, Кюрасато, Коста-Рика, Канада, Пуэрто-Рико жана Ямайканын сулуулары ат салышты.

Эске салсак, аталган сынакка Кыргызстандан Бегимай Карыбекова дагы катышып жаткан. Тилекке каршы, ал жарым финалга өтпөй калды.