Кыргызстан менен Өзбекстандын премьерлери Ошто жолугат

Жыйында чек ара маселелери талкууланат.
Sputnik

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. 18-декабрда Ошто Кыргызстан менен Өзбекстандын премьерлери — Мухаммедкалый Абылгазиев менен Абдулла Арипов жолугат. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Ага ылайык, эки өлкөнүн өкмөт башчылары баштаган делегация чек арага жакын жайгашкан облус жетекчилеринин экинчи кеңешине катышат. Жыйында чек ара маселелери талкууланат.