Кийинки жылы өтө турган Азия кубогун КТРК көрсөтөт

Спорттук иш-чара 5-январда башталып, 1-февралда соңуна чыгат.
Sputnik

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Коомдук телерадиокорпорациясы 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган Азия кубогун көрсөтө турганын Футбол федерациясы билдирди.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын курама командасы С тайпасына туш болуп, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин футболчулары менен кез келет.

Кытай — Кыргызстан, 7-январь, саат 17.00;

Кыргызстан — Түштүк Корея, 11-январь, саат 22.00;

Кыргызстан — Филиппин, 16-январь, саат 19.30.

Азия Кубогу 5-январда башталып, 1-февралда аяктайт.

Буга чейин федерация Азия Кубогунун проморолигин тартуулаган.