Жээнбеков менен Атамбаев. Эки эрендин эрегиши эмнеге алып келет? Пикирлер

Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мамлекеттин азыркы башчысы Сооронбай Жээнбековдун ортосунда кандайдыр тиреш байкалгандай.
Sputnik

Sputnik Кыргызстандын редакциясы саясий серепчилерге эки саясатчынын тиреши эмнеге алып келерин жана бул тиреште элдештирчү жагдайдын бар-жогун сурай собол салып, пикирлерин тыңдоону чечти.

Эки кабыландын кармашы

Кыргызстандык саясат таануучу Дмитрий Орлов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мамлекетибиздин азыркы башчысынын ортосундагы тирештин кесепетин жамы журт тартат дейт. 

Гендиректор аналитического центра "Стратегия Восток — Запад" Дмитрий Орлов

“Жээнбеков дагы, мурунку журт башчысы да элдин ишениминен кетип, бири-биринин аброй жана кадыр-баркын түшүргөндөн башка пайда таппай турганы айкын. Азыркы тапта маалыматтык мейкиндикте болуп жаткан нерсенин баары өлкөгө саясий кризистин жаралышына алып келет. Ушул тапта тараптардын ар бири толук оюн билдирип, өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү, андан улам бул тирештен эч бир жак жеңүүчү болуп чыкпастыгын моюнга алуу абзел. Баарынан да бул эки саясий оюнчунун күрөшүнөн Кыргызстан калкы гана жабыр тартат”, — деди Орлов.

Жээнбеков Атамбаев менен эмнеге чырдаша кеткенин айтып берди
Анын айтымында, азыркы президент да жакында командасы менен башкаруу мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгүндө (алты жылдын эки жылында) эмне менен алек болгондугун шайлоочуларына түшүндүрүүгө кез келерин аңдоого тийиш.

“Мында “Атамбаев менен күрөштүм” деген өңдүү түшүндүрмөнү эл кабыл албасы анык. Ошондо өтө маанилүү чечимдерди кабыл алуунун ордуна "Эмнеге Жээнбеков мамлекеттин эски башчысы менен мамилесин териштирмейге өтүп алган?" деген суроо туулат. Бул кадр маселелерине да, башка саясий учурларга да тиешелүү. Бул күрөштө Жээнбеков утуп чыккан күндө да баасы бийик, утулууга тете жеңиш болуп калат”, — деди саясат таануучу.

Саясий серепчи өз кезегинде Атамбаев өзү да ага ишеним артып келген элдин бөлүгү андан жүзүн буруп кетерин түшүнүүгө тийиш экендигин белгиледи.

“Кандай болсо да мурдагы президент мамлекеттин азыркы башчысы өз мураскору экендигин, ал туурасында бир нече ирет өзү жарыялап келгенин эстен чыгарбоосу зарыл. Эки саясатчы тең бул тирештен чырагына май тамган тараптар ого бетер абалды курчутуп, акыры бул Жээнбековго импичмент жарыяланышына алып келерин аңдоого тийиш”, — деди Орлов.

Анын баамында, эки жактын элдешүүсүнө бүгүн да кеч эмес.

“Мында бир гана бириктирүүчү жагдай — үчүнчү күчтөрдүн кооптуулугу эки саясатчыга бирдей эле деңгээлде экендигин түшүнүү. Мында кимдер сырткы күч, башкача айтканда, бул чуулгандуу тиреште — “эки кабыландын кармашына көз салган маймылдар” ким экени жеке өзүмө да аябай кызык. Кырдаалдын курчушунун эки сценарийин болжолдоого болот. Биринчиси — Атамбаев менен Жээнбеков бул күрөштө бири-бирин жок кылат, натыйжада бийликке жаңы бирөө келет. Экинчиси — президенттик тарап өз убагында токтоп, күчтөп болсо да элдешүүгө барат. Андай учурда абал жакшы нукка буруларына дагы шартыбыз болот”, — деди саясат таануучу.

"Арадай жерде чарадай жагдай"

Экс-премьер-министр Феликс Кулов тескерисинче, эки саясатчынын ортосунда андай деле тиреш жок деп эсептейт. 

Круглый стол по вопросу введения поправок в Конституцию

“Президент Жээнбеков Атамбаевдин айткандарына жооп кайтарган жок, демек, маалымат майданындагы кызуу кепке жана мамлекет башчысы, анын иниси Асылбек Жээнбековго карата макалаларга карабастан, жалпы эл алдындагы тиреш бар дешке болбойт. Дал ошолордун “үн катпагандыгы” жеке урушту жалпы элге таратпай кармап турат”, — деген ойдо Кулов.

Атамбаев Жээнбеков менен элдешүү үчүн кандай аракет кылганын айтты
Анын айтымында, кандай болгон күндө да экөө өз ара элдеше албайт.

“Экс-президенттин асылууларынан улам жыйынтык чыгарсак, аны менен президент Жээнбековдун жеке бир компромисске келиши күмөн. Бирок саясатчы катары алар өз ара тил табышып, арадай ишти чарадай кылууну токтотуулары зарыл. Мурдагы президент белгилүү бир кадамдарга барууга тийиш, анткени ал үлкөн бир партиянын лидери эмеспи. Ал 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярданып жатканы көрүнүп турат, билдирүүлөрүн саясатта калуу далалаты катары кароого да болот”, — деди экс-премьер.

Ал өлкө үчүн Атамбаевдин билдирүүлөрү өзүнөн-өзү терс жагдай жаратпай тургандыгын белгиледи.

“Кеп мурдагы президент мындан ары кандай жүрүш жасаарында, Жээнбековдун саясатына каршы ал кандай кадамдарга бараарында. Ошондо гана муну курч кармаш, бирок саясий күрөш катары баалоого болот. Мунун да анык бир артыкчылыктары бар, бийликке карата туура сын айтуу өкмөт менен президентти жакшы иштөөгө сүрөйт. Башкача айтканда, Атамбаев башында турган оппозициянын жаралышына күбө болобуз", — деди Кулов.

Конструктивдүүлүк жана эмоцияга алдырбоо

Евразиялык аналитикалык клубдун жетекчиси Никита Мендкович да эки саясатчынын ортосундагы саясий күрөштү кадыресе көрүнүш катары көрүп, демократиялык процесстердин бөлүгү катары санайт. 

Председатель Евразийского аналитического клуба и эксперт Российского совета по международным делам Никита Мендкович

“Ар кыл саясий позициялардын орун алышы турукташтыруучу ролду ойнойт, кемчиликтерди таап, аларды жоюуга көмөкчү болот. Оппозициянын жана атаандаштыктын болушу аткаминерлерди жана жалпы бийликти чымыр болууга түртөт. Атамбаев менен Жээнбековдун тирешинде жаман нерсе жок, бирок мындагы көйгөй — бул өлкө ичинде көңүлдүн көбүн бурдуруп, көп ресурсту түгөтүп жатканы ачык байкалат. Саясий жана маалыматтык мейкиндикте бул пикир келишпестиктерди чечүүгө адамдардын экономика, социалдык чөйрө, маданият жана билим берүү тармактарындагы азыркы жана өзөктүү көйгөйлөрдү чечүүгө багыттала турган күчүн жана убактысын алып коюуда. Бул тирештин башкы көйгөйү — дал ушул нерсе”, — деди Мендкович.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Атамбаевдин байлыгын текшерет
Ал аталган күрөштө Жээнбеков бийликке келгенден берки жүрүп жаткан кадрдык алмаштыруулар өзгөчө ролду ойной турганын белгилейт.

“Жогорку кызматтагы аткаминерлерге, анын ичинде бажы тармагына да көп кылмыш иштери козголуп, тергелүүдө. Биздин изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча соңку жылдары бажы тармагында өтө көп коррупциялык көйгөйлөр жаралган, азыркы бийлик аларды жоюуга тырышып жатат. Бул жагынан жоопкерчиликтин баарын Жээнбековго оодара салган экс-президент Атамбаевдин позициясы өтө эле кызык. Ошондо да өзү башкарып турган жылдардагы, ал эми жаңы режимде кызматынан кеткен аткаминерлердин атын атоодо”, — деди саясат таануучу.

Анын айтымында, жемкорлук менен күрөшүүнүн артында балким “Атамбаевдин адамдары” тазаланып жаткан чыгар, муну да түшүнө билүү зарыл, ушул жаатында анык бир талкуу жүрүүдө.

“Азыркы бийлик кадрдык маселеде бүгүнкү саясий күрөштүн кызуулугуна карабастан, аткаминерлердин саясий өтмүшүнө эмес, иш билги сапаттарына таянарына үмүттөнөм. Мурдагы жетекчилер тигил же бул көз карашты карманганына карабай жаңы реалдуулукка да батыл аралашып кетерине мисалдар оголе арбын эмеспи”, — деди Мендкович.

Эки саясатчынын толук элдешүүсү мүмкүн, бирок анын кереги деле жок деген пикирде саясий серепчи.

“Бирок эки тарап тең өлкө көйгөйлөрүн чечүүдөн алаксытпашы үчүн тирештин жүрүшүн басаңдатуу керектигин түшүнүүгө тийиш. Репрессиялык мүнөздөгү кадамдардан баш тартуу эки саясатчынын тең маанилүү кадамы болуп саналмакчы. Анан да диалогдо эмоцияга алдырбай, жеке таймашка жол бербей, өз ара түшүнүшүүнүн конструктивдүү деңгээлине чыгуунун маңызы чоң. Бул мамлекеттик көйгөйлөрдү чечүүдө зор көмөк”, — деди эксперт.

Анын айтымында, мындай стратегияга ким биринчи өтсө, келечекте маанилүү саясий упай топтой алары бышык.

“Чөнтөктөгү президентпи?"

Кыргызстандык саясат таануучу Шерадил Бактыгулов тирешти экс-президент Атамбаев жүргүзүүдө деп эсептейт. 

Независимый эксперт, политолог Шерадил Бактыгулов

"Президент тараптан эч кандай билдирүү жаңырып, тиреш боюнча кыймыл-аракет да азырынча байкала элек. Экс-президент да эмоционалдык саясий билдирүүлөр менен чектелип, ал эми Жээнбеков да рационалдуулукту карманууда. Ошол себептен кырдаалды тиреш деп атоо анча коошпойт", — деди Бактыгулов.

Анын пикири боюнча Жээнбеков “чөнтөктөгү президент” болууну каалабаган алда канча күчтүү саясатчы болуп чыкты.

Жээнбековдун президенттигине бир жыл. Козголгон чуулгандуу иштер
"Коомдо Атамбаевдин тарапташтарына кандайдыр кысым жасалууда, алтургай, кылмыш иши козголууда деген пикир жаралды. Бирок Атамбаевдин тушунда да ушундай эле пикир бар болчу, керек болсо Бакиевдин убагында да, атүгүл Акаевдин учурунда да мындай кеп-сөз жок эмес эле. Бирок бул чындыкты чагылдырат дегенге жатпайт. Кылмыш иштеринин козголушу үчүн кеминде эле салмактуу негиздердин болушу шарт экендигин баарыбыз билебиз го", — деди саясат таануучу.

Анын оюнда түзүлгөн кырдаал азыркы президент Атамбаевдин билдирүүлөрүнө жооп бере баштаса гана саясий кризиске кептейт.

"Ошондо гана кандайдыр эки топ пайда болуп, тигил же бул жактын тарапташтары кайым айтышууга өтүүгө аргасыз болушат. Ошондо гана бизнести будуң-чаң түшүрүү тобокелдиги жаралат, анткени бул күрөштө ресурс булагы болуп берет. Ошентсе да кимдир бирөө кызматтан алынса, бул саясий кризис эмес, бийликтин кадимки саясий табияты деп кабылдоо керек. Тек бир кемчилиги — бийликтин тез-тез алмашуусуна, кадрдык айырбаштоолорго биз улам алаксып, саясатчылардын териштирмейлерине убактыбызды, күчүбүздү коротобуз, бирок республиканын экономикасын өрчүтүү боюнча ишти баштай да албай калабыз", — деди Бактыгулов.

Мындан ары кырдаал бир нече нукта багыт алышы мүмкүн экендигин белгиледи.

"Эң кайгылуусу — чагымчылыктын кесепетинен Кыргызстан майда жолбашчылардын хандыгына айланат. Экинчиси, бир топ көңүл жубатарлык — бири жеңип чыгып, башкарып калат. Бирок бул дагы күмөн, анткени Кыргызстанда өз салмагын сала алчу бирдиктүү күч жок, кай бири саясий мотив, ресурстук жагынан да бардык кыймылдар биригүүгө тийиш", — деп белгиледи эксперт.

Айтымында, өлкө ичинде кырдаал чыңалган, бирок Кыргызстандын тышында да чыңалуу бар экендигин аңдоо абзел.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн мурдагы президенттеринин балдары эмне менен алек?
"Геосаясий өзгөрүүлөр, Сирия жана Иракта чет элдик согушкерлерди кайра жайгаштыруу, Россияга каршы киргизилген ошол эле санкциялар, АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода согушу, айтор, соодада дагы, эл аралык мамилелерде да абал чыңалууда. Дүйнөдө алда канча олуттуу өзгөрүүлөр жүрүүдө, эгер биз аларды көз жаздымдан калтырсак, анда өнүгүп келе жаткан орто деңгээлдеги өлкөлөрдүн катарынан өнүгүүсү төмөн тепкичтеги мамлекеттердин сабына оңой эле түшүп калабыз. Өздөрүнүн глобалдык ролун, учурдагы кыйынчылыктарды түшүнүү эки саясатчыны ойлондурууга тийиш. Дал ушул нерсе эки саясатчынын мамилесин жөндөөдөгү бириктирүүчү жагдай болуп бериши ыктымал. Эң башкысы — эгер экс-президент менен Жээнбеков биригип күчүн топтосо, анда өлкөнүн жана анын жарандарынын бакубат жашоосуна шарттар пайда болот. Башкача айтканда, алардын энергиясы узак мөөнөттүү максаттарга жумшалмакчы", — деди саясат таануучу.

Ал белгилегендей, мындай учурда экөө элдин эсинде жаратман катары сакталат. Ал эми азыркы калыбында уланса, бул талкалоочу жол, жөн гана өч алуу аракети. Жакшы уруштан жаман ынтымак артык эмеспи.