Шашылыш билдирүү. Тоолуу жолдордо кар көчкү жүрүшү күтүлүүдө

Министрлик аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу айдоочуларды сак болууга чакырат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстандын тоолуу жолдорунда кар көчкү жүрүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин 17-19-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаай тургандыгы кабарланган

Таза суу тартыш боло баштайт. Окумуштуулардын иликтөөсү
Аба ырайынын кескин өзгөрүп кетишине байланыштуу Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу аймагынын 121-чакырымынан 138-чакырымына чейин, Ала-Бел ашуусу менен Чычкан капчыгайындагы 198-чакырымынан 255-чакырымына чейин кар көчкү жүрүшү мүмкүн. Андан сырткары, Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 68-чакырымынан 99-чакырымына чейинки Чапчыма ашуусунда, Красная горка — Ак-Таш автоунаа жолунун биринчи чакырымынан төртүнчү чакырымына чейин, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу трассасынын 65-90-чакырымында жана Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун 45-92 чакырымдарында жолдор тайгак, тоңголок болуп, көчкү жүрүшү мүмкүн.

ӨКМ аталган тоолуу аймактагы жолдордо сапарга чыккан айдоочуларды унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактап, жолго чыгаар алдында күрөк, чынжырча алып алууну эскертет.