Радио

Осмонов: ишкерлик багытында жүргүзүлгөн реформалардын 58 пайызы ишке ашты

"Биз Эксперт" аналитикалык борборунун серепчиси Улукмырза Осмонов ишкерликке байланыштуу нормативдик-укуктук актыларга жүргүзүлгөн реформалардын экономикалык пайдасы тууралуу айтып берди.
Sputnik
Осмонов: ишкерлик багытында жүргүзүлгөн реформалардын 58 пайызы ишке ашты

Ишкерлик багытында жүргүзүлгөн реформалардын 58 пайызы ишке ашты. Бул тууралуу Улукмырза Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, калган 42 пайызы да ишке ашса, бизнес жаатындагы көйгөйлөр толугу менен чечилмек.

"Ишкерликке байланыштуу нормативдик-укуктук актылар боюнча реформаларга май айында мониторинг жүргүзгөндө 38 пайыз аткарылган эле. Ал эми бүгүнкү күндө анын 58 пайызы ишке ашкандыгы маалым болду. Калган 42 пайызы жакынкы жылдарда аткарылат деген үмүттөбүз. Реформада бизнес жасоого ылайыктуу шарттар, ишкерлердин көйгөйлөрүн чечүүчү сунуштар камтылган", — деди Осмонов.

Ал ишкерликке байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү узак мөөнөттү талап кыларын кошумчалады.