ИИМ академиясы бош орунга профессор, окутуучуларды чакырат

Сынакка талапкерлерди кабыл алуу жана иш кагаздарын топтоо 2018-жылдын 11-декабрынан 2019-жылдын 11-январына чейин жүргүзүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. ИИМдин Эргеш Алиев атындагы академиясы кызматтык бош орундарга сынак жарыялай турганын билдирди.

Каалоочулар эми профессордук-окутуучулук курамдагы бош кызматтык орундарда иштөөнү кааласа, сынакка катышып көрсө болот.

"Тилге даярдык", "Жарандык-укуктук сабактар" кафедраларына профессор жана ага окутуучулар керек экендиги кабарланды.

Бишкектен иш издеп жатасызбы? Мэрия 600 жумуш орун сунуштоодо
Ал эми "Ыкчам издөө ишмердүүлүгү", "Мамлекеттик укуктук сабактар", "Дене тарбияга даярдык", "Коомдук-саясий сабактар", "Кылмыш-жаза укугу жана кылмыштардын алдын алуу", "Административдик укук жана административдик ишмердүүлүк", "Кылмыш-жазык, башкаруунун теориясы жана информатика" кафедраларына окутуучулар жана ага окутуучулар керек экендиги айтылды.

Аталган академиядан бардык талапкерлер бир ай ичинде жазуу түрүндө арыз менен окуу жайга кайрылып, керектүү иш кагаздарын тапшыруусу зарыл экендигин билдиришти.

Сынакка талапкерлерди кабыл алуу жана иш кагаздарын топтоо 2018-жылдын 11-декабрынан 2019-жылдын 11-январына чейин жүргүзүлөт.