2018-жылдын эң начар сыр сөздөрү тизмектелди. Аларды эч качан колдонбоңуз

Бешинчи орунда 12345 сандарынын комбинациясы турат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. SplashData компаниясы 2018-жылдагы эң начар 100 сыр сөздүн тизмесин жарыялаганын Teamsid басылмасы жазып чыкты.

Хакерлер башка бирөөнүн почтасын, социалдык баракчасын бузуп берүүгө даяр. Баасы
Аталган комбинациялар даярдыксыз киберкылмышкерлерге дагы колдонуучулардын жеке маалыматын алууга мүмкүнчүлүк түзүп берген.

Эң көп учураган сыр сөз — 123456, экинчиде — password, анын артынан "татаалыраагы" — 123456789, кийинкиде — 12345678, бешинчиге 12345 кирди.

Ондукка 111111 менен qwerty, ал эми 20 сапка — 666666 жана!@#$%^&* жашыруун сөздөрү тизмектелген. Ошондой эле тизмеге welcome менен АКШнын президенти — donald сыр сөзү да кирген.

Адистер сыр сөз катары атактуу адамдардын ысымы, спорттук терминдер, катардагы белгилер менен сандарды колдонбоону кеңеш берет.