2018-жылдын мыкты спортчулары менен машыктыруучулары аныкталды. Сүрөт

"Мыкты спортчу жана машыктыруучу" номинациясы менен жети категорияда 17 адам сыйланган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги жыл ичинде ийгилик жараткан спортчулар менен машыктыруучуларды аныктады. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине аталган мекемеден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара борбордогу мейманканалардын биринде өткөн. Ага мамагенттиктин статс-катчысы Нуржан Бардинова, директордун орун басарлары Канатбек Арпачиев менен Мирлан Парханов, мекеме жетекчилери жана спорт өкүлдөрү катышкан.

Арпачиев өз сөзүндө быйыл кыргыз спорту ири мелдештеги ийгиликтердин аркасы менен жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгиледи.

1 / 6
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги жыл ичинде ийгилик жараткан спортчулар менен машыктыруучуларды аныктады.
2 / 6
Төрөхан Багынбай уулу — жиу-житсу
3 / 6
Жоламан Шаршенбеков — грек-рим күрөшү
4 / 6
Жыргал Оросбаев — пауэрлифтинг
5 / 6
Нурзат Бактияр кызы — алыш күрөшү
6 / 6
Иш-чарада "Мыкты спортчу жана машыктыруучу" номинациясы менен жети категорияда 17 адам сыйланган.

"Жыл ичинде Кыргызстанда эл аралык 16 жана республикалык 68 мелдеш өткөрүлдү. Алардын эң ириси III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен күрөш боюнча Азия чемпионаты болду. Спортчуларыбыз эл аралык мелдеште 415 медаль — 103 алтын, 114 күмүш жана 198 коло утуп келди. Ал эми ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген спорчтулар 5 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушту. Бул сиздердин эмгек, урматтуу машыктыруучулар жана спортчулар. Эми алдыда бизди Токио — 2020 Олимпида оюндары күтүп турат", — деди ал.

Арпачиев ошондой эле өкмөт тарабынан стипендия 75 миң сомго чейин жогорулаганын кошумчалаган

Иш-чарада "Мыкты спортчу жана машыктыруучу" номинациясы менен жети категорияда 17 адам сыйланган.

  Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча

  • Жоламан Шаршенбеков — грек-рим күрөшү;
  • Хаким Махмудов — машыктыруучу;
  • Дарья Маслова — жеңил атлетика;
  • Татьяна Борисова — машыктыруучу.

  Паралимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча

  • Жыргал Оросбаев — пауэрлифтинг;
  • Аднан Жабраилов — машыктыруучу.

 Сурдлимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча

  • Смадияр Жумакадыров — грек-рим жана эркин күрөш;
  • Петр Ялома — машыктыруучу.

 Олимпиадалык эмес спорттун түрлөрү боюнча

  • Төрөхан Багынбай уулу — жиу-житсу;
  • Баяман Багынбай уулу — машыктыруучу.

  Улуттук спорттун түрлөрү боюнча

  • Күмүшбек Кыдыралиев — эр эңиш;
  • Нияз Курманкулов — машыктыруучу;
  • Нурзат Бактияр кызы — алыш күрөшү;
  • Жээнбек Акыев — машыктыруучу.

  Сергек жашоону даңазалагандыгы үчүн

  • Бактыбек Турусбеков (Ысык-Көлдү сүзүп өткөн) — Жогорку Кеңештин депутаты.

  Жыл жаңырыгы

  • Сергей Селиверстов — альпинизм;
  • Михаил Даничкин — альпинизм.

Мамагенттик альпинисттерди Кабардино-Балкариядагы чокуга чыгып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аты менен тактаны жана Кыргызстандын желегин орноткондугу үчүн сыйлаган.