Сүлөөсүнгө жем болгон суур, элеңдеген коен, энесин ээрчиген мамалактар. Видео

Фотокапкан жырткыч жаныбарлар өткөн жолго орнотулган.
Sputnik

Эңилчектеги фотокапканга үч мамалагын ээрчиткен аюу түшүп калды. Сүрөттөр
Facebook социалдык тармагындагы Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan аттуу баракчага Ысык-Көлдөгү Сарычат-Эрташ коругундагы фотокапканга топтолгон кадрлар жарыяланды.

Фотокапкан жырткыч жаныбарлар көп өткөн жолго орнотулган, кадрга карышкыр, коен, суур, мамалактарын ээрчиткен аюу жана сүлөөсүн түшүп калган.

Объективге эки суурга кол салган сүлөөсүн да тартылып калган, суурлардын бири качып кете албай, анын курмандыгы болгон.