Кыргызстандын футбол командасы жаңы формалуу болду. Сүрөт

Спорттук экипировкада ашыкча өң, элементтер жок.
Sputnik

БИШКЕК, 14 дек — Sputnik. Кыргызстандын Футбол федерациясы менен спорттук кийимдердин испаниялык Joma бренди улуттук команданын жаңы формасын көрсөттү. Бул тууралуу КР Футбол федерациясынан кабарлашты.

Новая форма национальной сборной а Кубке Азии — 2019

Билдирмеге караганда, улуттук команда бул форманы кийип 2019-жылы Азия кубогунда ойнойт.

"Минимализмге акцент жасалды. Үйдө ойной турган форма кызыл түстө (кайраттуулук, эрдиктин белгиси) болуп ашыкча түстөр жок. Болгону тигинен кеткен сызыктар бар. Башка өлкөлөрдө кийилүүчү экипировка ак түстө (биримдик жана салттын символу). Туурасынан кеткен чийиндер бар", — деп айтылат маалыматта.

Жаңы форма сатыкка чыкты.

Азия кубогу 2019-жылы 5-январда БАЭде башталат. Кыргызстандын командасы С тобуна кирип, Түштүк Корея (7-январь, Аль-Айн), Кытай (11-январь, Аль-Айн) жана Филиппин (16-январь, Дубай) оюнчулары менен ат салышат.