КСДП фракциясы Аида Касымалиеваны вице-спикерликке сунуштап жатат

Учурдагы вице-спикер Асел Кодуранова депутат бойдон калары айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. КСДП фракциясы бүгүн, 14-декабрда, кезексиз жыйынга чогулуп, вице-спикерлик кызматка депутат Аида Касымалиеваны сунуштап жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына депутат Абдывахап Нурбаев билдирди.

Эл өкүлү мындай аракетти ротация деп атап, учурдагы вице-спикер Асел Кодуранова депутат бойдон каларын билдирди. 

Процедура боюнча фракция талапкерди тандаган чечим чыгаргандан кийин, 72 сааттан кем эмес мөөнөттө Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети карап, андан соң парламенттин жалпы жыйынына алып чыгат.

КСДП фракциясынан депутат Асел Кодуранова 2017-жылдын 1-ноябрынан тарта Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланган.