Окумуштуулар: кофе мээнин картаюусун алдын алат

Келемиштерге жасалган эксперимент оң натыйжа берген.
Sputnik

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. АКШнын Ратгерс университетинин окумуштуулары кофеде кофеинден сырткары дагы башка зат бар экенин аныктап, ал мээнин картаюусун жана Паркинсон оорусунун алдын ала турганын табышты. Бул тууралуу MedicalXpress басылмасы жазды.

Окумуштуулар кофенин жыты адамдарга кандай таасир этерин айтышты
Ага ылайык, кофенин курамында эйкозаноид-5-гидрокситриптамин (ЕНТ) заты бар. Келемиштерге жасалган экспериментте аталган зат мээде белоктордун топтолуусун алдын алары ачыкталган. Башкача айтканда, мээдеги нейродегенеративдик оорулардын өрчүшүнө тоскоолдук жараткан.

Буга чейин окумуштуулар такай кофе ичүүнүн дагы башка пайдалуу жактарын айткан болчу.