Айнек, цемент, мазут... Бул Чүй облусунда өндүрүлгөн нерселердин чети гана

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Аймактарды өнүктүрүү жылына карата облустарда эмнелер өндүрүлүп, кайсы рынок эмне продукция менен камсыздалып жаткандыгын тизмектөөнү улантат. Бул жолу республиканын экономикасында алдыңкы орунду ээлеген Чүй облусу жөнүндө сөз болот.
Sputnik

Облуста сегиз район (Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Чүй, Ысык-Ата, Кемин), беш шаар (Кара-Балта, Кайыңды, Токмок, Кант, Кемин) бар. Жалпы облус аймагында 950 миңге чукул адам жашап, төрт миңге жакын орто, чакан жана ири ишканалар өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

Цемент, шифер…

ОАО "Теплоозерский цементный завод" в поселке Теплоозерск под Биробиджаном

Кант шаарындагы эки ишкана жылына 1 миллиард 290 миллион тоннага жакын цемент, 233 миң тоннадан ашык шифер өндүрүп, 26 миң тоннадай түтүк чыгарат. Курулуш материалдарынын басымдуу бөлүгү өлкөнүн ички базарына сатылат. Аталган заводдордо жалпысынан 1000дей жумушчу иштейт.

Газ, бензин, мазут…

Московский нефтеперерабатывающий завод (НПЗ)

Облустун аймагында нефтини кайра иштеткен төрт ири завод бар. Алардын бири жылына 800 миң тоннадай нефтини иштетип, 850 адамды жумуш менен камсыздайт. Ал эми экинчи завод 12 айда 224 миллион куб газ чыгарууга жетишкен. Ал ишканалар жалпы мазут, күйүүчү жана майлоочу майдын түрүн сатат.

Баалуу металлдар

Д.Медведев в рамках рабочей поездки в ДФО посетил Благовещенск

Чүйдө кен байлыктарды иштеткен ири өндүрүш жайлар да жок эмес. Мисалга, облус аймагындагы бир эле ишкана суткасына 2500 тоннага чейин руданы иштетип, алтын өңдүү баалуу металлдарды чыгарат. Ал жакта миңге чукул жумушчу иштейт.

Айнек, күзгү

Открытие заводов на территории ОЭЗ "Алабуга" в Елабуге

Токмок шаарындагы айнек чыгарган жеке ишкана жылына 1,5 миллиард сомго чейин айнек, күзгү өндүрөт. Даяр продукция өлкөнүн ичиндеги жана Россия, Казакстандагы базарларга сатылат.

Сүт азыктары

Производство молочных продуктов в Иванове

Облус аймагында сүт азыктарын кайра иштеткен бир топ ишкана бар. Алар балмуздактан тарта сыр, сары майга чейин чыгарып, учурда КМШ өлкөлөрүнө экспортко чыгуу аракети көрүлүүдө. Алардын айрымдары бир жылда бир миллиард сомго чейинки көлөмдөгү продукцияны өндүрөт.

Жеңил өнөр жай

Завод по изготовлению текстиля в южном пригороде Дамаска

Сары-Өзөн өрөөнүндө койдун жүнүн, кездемелерди иштеткен 12 өндүрүш мекеме өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Ишкерлер жиптен баштап кесиптик кийим-кече, матрас, төшөнчү, жаздыкка чейин даярдайт. Ишканалардын айрымдары продукцияны коңшу өлкөлөргө экспорттоп келет.

Айыл чарба продукциялары

Сельское хозяйство в Нарынской области

Мөмө, жер-жемиш, дан азыктарынан баштап ун, кесме, нан, шире, шарап, спирт ичимдиктеринин түрүн чыгарган 15ке жакын өндүрүш ийгиликтүү иштейт. Түрдүү көлөмдөгү ишканалардын ичинде кээ бир ишкана продукциянын бир нече түрүн кардарларга сунуштай алат.

Тонналаган эт

Контроль качества мяса на Центральном рынке Новосибирска

Чүйдө малдын, тооктун этин кайра иштеткен төрт ишкана бар. Ишкерлер колбасадан тарта чүчварага чейин даярдашат. Алардын ичинде айына 15-17 тоннага чейин түрдүү эт азыктарын чыгаргандар бар.

Ошондой эле облус аймагында идиш-аяк, минералдык суу, кондитердик азыктарды жана кир жуучу каражаттар менен керектөөчүлөрдү камсыздаган өндүрүш жайлар да жок эмес.