Кыргызстанда быйыл былтыркыга караганда курулуш иши көп жүргөн

Анализ өткөн жылдын 11 айын карап жүргүзүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кыргызстанда жыл башынан берки 11 айда былтыркыга салыштырмалуу жалпы курулуштун көлөмү 8,4 пайызга жогорулаганын Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматта курулуш комплексине акча салуу көбөйгөнү айтылат.

"2018-жылдын 11 айында инвестиция 124 миллиард 200 миллион сомду түзүп, өткөн жылга караганда 6,3 пайызга өскөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, инвестиция көлөмүнүн жогорулаганы курулуштан тышкаркы башка тармакта да байкалат. Анын ичинде элекр энергиясы, газ, буу менен камсыздоо, маалымат жана байланыш, билим берүү бар.

Экономика министрлиги жыл башынан берки 11 ай ичинде жалпы инвестициянын 78 пайызы кен казуу объектилерин, турак жай салууга жумшалганын белгиледи.