Беляев: КРде балдар үйүндө багылган бөбөктөрдүн 96 пайызынын ата-энеси бар

Учурда өлкө боюнча 13,5 миң бала жетим балдар үйүндө тарбияланып жатканы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Балдар үйүнө наристесин таштаган ата-энелердин көбү акча табуу үчүн иштегени кеткен жарандар. Бул туурасында "Жетим балдардын укугун коргоо" коомдук фондусунун жетекчиси Игорь Беляев Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, балдар үйүндө тарбияланып жаткан бөбөктөрдүн 96 пайызынын ата-энеси бар.

"Келечекте балдар мекемелерин реформалоо системасындагы мамлекеттин саясаты ушундай балдардын туугандарын таап берүү менен жыйынтыкталышы керек. Бирок ал туугандары камкордукка алабы же жокпу деген да маселе бар. Анткени өз каалоосу менен албаган үй-бүлөдө бөбөккө карата зомбулук жана башка терс факторлор көп болот", — деди Беляев.

Ошондой эле ал учурда өлкө боюнча 13,5 миң бөбөк жетим балдар үйүндө тарбияланып жатканын кошумчалады.