Кымча бел айжаркындар... "Аалам сулуусундагы" селкилердин ачык сүрөттөрү

Sputnik

Бегимай Карыбекованын "Аалам сулуусундагы" көйнөгү элди таң калтырды. Видео
Катышуучулар калыстардын жана көрүүчүлөрдүн алдына купальник жана кече көйнөгүн кийип чыгышты.

Суйкайган бийкечтер подиумга кантип чыкканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрө аласыздар.

Аталган сынакка Кыргызстандын атынан Бегимай Карыбекова катышып жатат. Мурдараак анын купальник жана кече көйнөгүн кийип чыккан видеосу жарыяланган.

67-жолу уюштурулуп жаткан "Аалам сулуусу — 2018" конкурсунун финалы 17-декабрда Бангкок шаарындагы өтөт.

1 / 15
Бангкокто "Аалам сулуусу — 2018" эл аралык сулуулук конкурсунун финалынын алкагында купальник жана кече кийимдердин таймашы өттү. Таиланд, 13-декабрь, 2018-жыл.
2 / 15
Impact Arena көргөзмө борборунда өткөн сынагын көрүүгө келгендер 93 катышуучунун бардыгын дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алды
3 / 15
Бул сынакка Кыргызстандын атынан Бегимай Карыбекова катышып жатат
4 / 15
Карыбекованы кыргызстандыктар социалдык тармак аркылуу колдоп, алтын таажы тагынып келерине ишеним артышууда
5 / 15
Коңшу Казакстандан Сабина Азимбаева аттуу селки күч сынашып жатат
6 / 15
Кения өлкөсүнүн намысын Вабайя Кариуки атуу модель коргоодо
7 / 15
Бул жылы сынактын тарыхында алкачкы ирет трансгендер кыз катышууда. Ал Испаниядан барган.
8 / 15
Тал чыбыктай буралган Россиянын сулуусу Юлия Полячихинка
9 / 15
Филиппиндин чүрөгү Катриона Грей
10 / 15
Мексикалык катышуучу Андреа Изабель Тоскано
11 / 15
АКШдан барган сулуу Сару Роуз Саммерс
12 / 15
Бельгиялык селки Зои Брюне өзүнүн тармал чачы менен өзгөчөлөнүүдө
13 / 15
Немис кызы Селин Уиллерстин дефиледеги жылмаюусу
14 / 15
Арыкчырай келген кытайлык кыздын сулуулугу да көз талдырат
15 / 15
Коста-Рикадан барган Наталья Карвахаль Санчес подиумда