Жумага карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. 14-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болуп, жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда +3…+8, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймагында +6…+11, Ысык-Көлдө +2…+7, Нарын жергесинде —3…-8 градус суук болот.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлөйт. Абанын температурасы Бишкекте +5…+7, Ошто +6…+8 градус жылуу болору болжолдонду.