Эң бышык автоунаалардын тизмеси жарыяланды

Адистер жол кырсыгы учурунда ээсин аман алып калчу машиналардын рейтингин түздү.
Sputnik

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Көз карандысыз европалык Euro-NCAP уюму 2018-жылы жасалган краш-тесттин негизинде эң коопсуз делген унааларды атады.

"Чоң үй-бүлөлүк автоунаа" жана "Гибриддер менен электрокарлар" аттуу категория боюнча адистер эң мыкты деп Lexus ES 300h үлгүсүндөгү унааны атады. Ал айдоочу менен жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн 91 пайыз, балдардын коопсуздугу үчүн 87 пайыз, жөө адамдардын коопсуздугу үчүн 90 пайызга ээ болгон.

"Кичи үй-бүлөлүк автоунаа" категориясы боюнча эң жогорку упайды A классындагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа алды: айдоочу менен жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу — 96 пайыз, балдардын коопсуздугу — 91 пайыз, жөө адамдардын коопсуздугу — 92 пайыз, коопсуздук жабдыктары — 75 пайыз.

"Чоң кроссовер" категориясы боюнча Hyundai Nexo жеңишке жетти: айдоочу менен жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу — 94 пайыз, балдардын коопсуздугу — 87 пайыз, жөө адамдардын коопсуздугу — 67 пайыз, электрондук жабдыктардын мыкты иштөөсү — 80 пайыз деп бааланды.