Машыкчу жерди тааптыр! Бишкекте жөө адам өтчү жол чийиндеги видео

Видео 12-декабрда Чүй проспектиси менен Киев көчөсүнүн кесилишинен тартылган
Sputnik

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Twitter колдонуучусу бет кап кийген жигит кыймыл кайнаган жолдун кесилишинде жерге жатып, туруп спорттук көнүгүү жасап жаткан видеону жайгаштырган.

Маалкатпай тез өтчү! Жөө жүргүнчүлөр кыжырды кайнатканда
​Видео кечээ кечинде, 12-декабрда, Чүй проспектиси менен Киев көчөсүнүн кесилишинен тартылган. Автоунаанын видеожазгычы Чүй проспектисине, батышты көздөй бурулуп жаткан учурду көрсөткөн.

Алыстан эле так светофордун түбүнө, жөө кишилер өтчү жол чийинде берилип алып машыгып жаткан жигит көзгө урунат.

Анын маңдай жагынан жол чырактын жашыл түскө күйүшүн күтүп турган жеңил автоунаалар менен маршруттук таксини көрүүгө болот.