Токтогулда минивэн жүк ташуучу унаа менен кагышып үч адам каза болду

Алдын ала маалыматтар боюнча минивэндин айдоочусу руль башкарып баратып уктап кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Токтогул районунда Mitsubishi Delica үлгүсүндөгү автоунаа жүк ташуучу унаа менен кагышып, үч адам каза болду. Бул туурасында Жалал-Абад облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн, 13-декабрда, таңкы саат 5.50 чамасында Бишкек — Ош жолунун 307-чакырымында болгон.

"Кырсыктын кесепетинен Mitsubishi Delica унаасынын айдоочусу эки жүргүнчүсү менен мерт болду. Ушул эле машинада бараткан дагы үч адам жаракат алып ооруканага жеткирилди", — деп билдиришти милициядан.

Ал эми жүк ташуучу унаанын айдоочусу жаракат алган эмес. Жеринде укук коргоо органдары иштеп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча минивэндин айдоочусу руль башкарып баратып уктап кеткени айтылууда.