Икрамов айрым мамлекеттик кызматкерлердин жарандыгынан шек санады

Депутат маалыматтык коопсуздукту камсыздоо керектигин айтып, чет жактан гранттык негизде каржыланган ЖМКлардын ишмердигин УКМК тыкыр текшерүүсү керектигин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов мамлекеттик маанилүү кызматта, укук коргоо органдарында иштегендердин кош жарандыгын текшерип чыгуу учурдун талабы экенин парламенттин жалпы жыйынында ар кандай маселелер каралып жатканда көтөрдү.

Депутат Кыргызстан үчүн мамлекеттин бүтүндүгү менен коопсуздугунан өткөн маанилүү маселе жоктугун айтып, беш сунуш киргизди.

Биринчи сунушунда ал мамлекеттик кызматкерлер арасында кош жарандыгы барларды аныктап, аларды мыйзам алдында ачыкка чыгаруу жана жарандыгынан ажыратуу керектигин белгиледи.

"Биз бул кадамды тез арада иш жүзүнө ашырбасак, мамлекетти башкарууда коркунучтарга жол беребиз. Мисалы, "Кыргыз Темир жолуна" Казакстандын жараны болгон киши орун басар болуп келди. Стратегиялык маанидеги мекемеге башка мамлекеттин жаранын коюп жатабыз", — деди ал.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын биринчи орун басары Казакстандын жараныбы?
Депутаттын экинчи сунушу — Жогорку Кеңештин депутаттарынын кош жарандыгын кайрадан карап чыгуу. Анткени акыркы окуялар көрсөтүп жаткандай депутаттардын арасында башка мамлекеттин жарандары чыгып жатат.

Үчүнчү сунуш — укук коргоо органдарынын анын ичинде ИИМ жана чек ара кызматында иштегендердин кош жарандыгын аныктоо. Эл өкүлүнүн ырасташынча, бүтүндөй дүйнөдө бул маселе курч болуп, айрым учурда эки мамлекеттин саясий тирешүүсүнө чейин жетип жатат.

"Биз да күч органдарында иштеген кош жарандыгы барларды аныктабасак, мамлекеттин бүтүндүгүнө, коопсуздугуна шек жарала берет", — деди Икрамов.

Эл өкүлүнүн төртүнчү сунушу — бул саясий партиялардын түзүүчүлөрүнүн жана жетекчилеринин жарандыгын да кароо. Анткени парламенттик-партиялык башкаруу системасында бул — абдан орчундуу маселе.

Чайпалып басат, KG номер керек. Икрамов эмнеси менен элдин эсинде калган
Икрамов маалымат коопсуздугун дагы айтты. Ал белгилегендей, 2010-жылдагы июнь окуялары көп нерсени айкындады. Андыктан маалымат коопсуздугун камсыздоодо сырттан каржыланган массалык маалымат каражаттарын түзүүчү жана уюштуруучулардын жарандыгын кароо керек.

Депутат июнь коогалаңы болгондон кийин УКМК сырттан гранттык негизде каржыланган басмаканалардын, ЖМКлардын ишмердигине тыгыз көз салышы керектигин белгиледи.

"Тилекке каршы, ЖМКлар Кыргызстанда иш алып барып жатып, акча таап, кайра эле элге үчүнчү катмардагы көз карашын таңуулап, экиге бөлүп, каада-салтыбызга доо кетирип жатат. Ушул маселени колго албасак КМШ ичинде эле эмес, дүйнөгө терс имидж жаратуучу мамлекет болуп кала беребиз", — деди депутат.

Икрамов бул сунушу боюнча өмөттөгү тийиштүү органдарга протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.