Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда күн сууп, кар жаайт

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. 16-декабрдан 19-декабрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Кыргызстандыктар 2019-жылы кайсы майрамдарда эс алат? Тизме
17-19-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө жаан жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү пайда болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетет.

Мындай туруксуз суук аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылын кыйындатат.