Россиядагы миграциялык мунапыстан 100 миңден ашык кыргызстандык пайдаланды

Андан сырткары, беш миңден ашык жаран "кара тизмеден" чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги КР жарандарына карата жарыяланган миграциялык мунапыстын мөөнөтү 10-декабрда аягына чыккандыгын маалымдайт.

Россиянын ИИМи менен миграция башкармалыгынын берген маалыматы боюнча "миграциялык мунапыс" мүмкүнчүлүгүн Кыргызстандын 100 миңден ашуун жараны пайдаланды.

"Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузуп жүргөн кыргызстандык жарандардын 50 пайыздан ашууну аталган жеңилдиктен пайдаланды", — деп айтылат маалыматта.

Россияда мигранттарга энелик капитал берүү демилгеси көтөрүлдү
Ошондой эле миграциялык мунапыстын алкагында Кыргызстандын 5 488 жараны "кара тизмеден" чыгарылган.

Андыктан элчилик Кыргызстандын жарандарына бузган мыйзамдары боюнча жазапулдарды өз убагында төлөп, бардык документтерин Россияга келген максаттарына ылайыктап, так алып жүрүүсүн сунуштайт.

Ошону менен бирге Россиянын тийиштүү органдары тарабынан миграциялык көзөмөл мындан ары күчөтүлүп, улантыларын да эскертет.