Өзгөн: 17 автоунаа мыйзамсыз катталып, мамлекетке 10 млн. чыгым келди

Ош облусунун прокуратурасы Кылмыш жана жаза кодексинин үч беренеси боюнча иш козгоду.
Sputnik

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Оштогу Мамлекеттик каттоо кызматында иштегендерге карата кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Билдирмеге ылайык, айыпталгандар — Өзгөндөгү каттоо-экзамен алуу жайынын транспорт каражаты жана айдоочулук курамынын өкүлдөрү.

"Облустук прокуратуранын кызматкерлери аныктагандай, аталган жайда иштегендер 2017-жылы жасалма документтер жана текшерилбеген маалыматтары менен өлкөгө кирген 17 автоунааны каттаган", — деп айтылат маалыматта.

Автоунааны алуу-сатуу документи зарыл! Мамкаттоо себебин түшүндүрдү
Натыйжада унааны бажыдан өткөрүүдө мамлекеттик бюджетке 10 миллион 278 сом түшпөй калган. Ош облустук прокуратурасы "Бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө" (210), "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" (304) жана "Кызматтык жасалмалоо" (315) беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Иш тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.