Кыргыз-казак өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Премьер-министрлер соода жаатындагы тоскоолдуктарды жоюу маселесин дагы талкуулашты.
Sputnik

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн мурдагы президенттеринин балдары эмне менен алек?
Билдирмеге караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында өз ара кызматташуунун келечеги талкууланды.

Ошондой эле премьер-министрлер соода жаатындагы тоскоолдуктарды жоюу маселесин чечүү үчүн эки тараптуу тыгыз кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын белгилешкен.