Улакчы Манас Ниязов сүйүктүүсүнө үйлөндү. Эки жаштын сүрөттөрү

Колуктусунун аты Назира, экөө көп убакыттан бери сүйлөшүп жүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Белгилүү улакчы Манас Ниязов үйлөндү. Анын үлпөт тою бүгүн, 12-декабрда, Ош шаарындагы тойканалардын биринде өтөт. Бул маалыматты улакчынын бир тууган агасы Байыш Ниязов тастыктады.

Колуктусунун аты Назира, экөө көп убакыттан бери сүйлөшүп жүрүшкөн. Ал 20 жашта, Өзгөн районунан болот. Ал эми улакчы 25 жашта, ал да ушул эле райондун Дөң-Булак айылынын кулуну.

Агасынын айтымында, тойго Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандан улакчы достору келди.

10-декабрь күнү эки жаштын бата тою өткөрүлгөн. Ал күнү күйөө баланын туугандары жана достору кыздын үйүнө барып сый көрүп, каадалар жасалат.

Манас Ниязов Кыргызстандын алдыңкы улакчыларынын бири. Ал көк бөрү боюнча улуттук командада жана Оштун "Достук" командасында ойноп жүрөт. Бир туугандары Байыш, Кыяз, Баяман Ниязовдор да көк бөрү тартып мелдештерге катышып келет.