Токтогулдун Торкент айылынын маданият үйү өрттөнүп кетти. Сүрөт

Имарат 1948-жылы курулган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Токтогул районуна караштуу Торкент айылынын маданият үйү өрттөнүп кеткенин ӨКМ билдирди.

Кырсык тууралуу маалымат 12-декабрга караган түнү болжол менен саат 01.44төрдө түшкөн. Окуя болгон жерге үч өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.

1 / 2
Токтогул районуна караштуу Торкент айылынын маданият үйү өрттөнүп кетти
2 / 2
Кырсык тууралуу маалымат 12-декабрга караган түнү болжол менен саат 01.44төрдө түшкөн. Окуя болгон жерге үч өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.

"Өрттүн кесепетинен 455 чарчы метр аянт күйдү. Маданият үйү 1948-жылы курулуп, дубалы кам кыштан, чатыры жыгач конструкциялардан тургузулган, бир бөлмөсү китепкана (11 700 даана китеп болгон) катары колдонулган, ичиндеги мүлк толугу менен өрттөнүп кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Учурда ӨКМ кырсыктын келип чыгуу себебин тактап, келтирилген материалдык чыгымды эсептеп жатат.