Страсбургдун чок ортосунда ок атылып, адамдар каза тапты

Полиция ок чыгарган адамды издеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Франциянын Страсбург шаарынын борборунда октон үч киши каза болуп, дагы 12 адам жабыркаганын РИА Новости өлкөнүн ички иштер министри Кристоф Кастанерге шилтеме берип жазды. 

Жабыркаган алты кишинин абалы оор экени айтылууда.

​Элге ок чыгарган адам такси менен из жашырып кеткен. Айдоочу ага түшкөн эркек киши террорчулукка каршы Sentinelle операциясынын жоокерлери менен атышуудан кийин жаракат алганын айтып берген. Шектүү киши буга чейин да куралчан кол салган кылмышкер катары белгилүү. Анын үйүн тинтүүдө гранаталар табылган.

​Жергиликтүү элди үйдөн чыкпоого чакырышты. Полиция шаардын борборундагы элди эвакуациялаган. Калаанын чок ортосу тосулуп, автобус менен трамвайлар токтотулду. Европарламент жабылып, кызматкерлер менен депутаттардын сыртка чыкпоосу керектиги айтылды.