Мугалимдин маянасын окуучунун жетишкендигине карап төлөө сунушталды

Өмүрбекова мугалимдердин эмгек акысын төлөөнү стимулдаштыруу принциптерин ишке ашырган системаны киргизүү зарылдыгын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова мугалимдердин эмгек акысын жакшыртуу боюнча кеңешме өткөргөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымдагандай, мугалимдердин эмгек маянасын чегерүү жумалык сааттын өлчөмү, билим берүү, педагогикалык иш стажы, бийик тоолуу жана алыскы райондордо иштөөсүнөн көз каранды.

"Мындан тышкары, жазуу иштерин текшерүү, класс жетекчилик, устаттык иши боюнча жана башка иштерине кошумча төлөнөт", — деди ал.

Вице-премьер: ноябрдан тарта майып балдардын ата-энелери айлык ала баштайт
Өмүрбекова мугалимдердин эмгек акысын төлөөнү стимулдаштыруу принциптерин ишке ашырган системаны киргизүү зарылдыгын белгиледи. Анда мугалимдин эмгегинин сапаты окуучулардын билим алуусунун жыйынтыгы менен өлчөнүп, ал үчүн материалдык сыйлык чегерилет.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Өмүрбекова Билим берүү жана илим министрлигине мугалимдердин ишинин жыйынтыктарын баалоо критерийлерин, анын негизинде эмгек акы механизмин иштеп чыгууну тапшырды. Ошондой эле Финансы министрлиги менен биргеликте мугалимдердин эмгек акысын саатына төлөө өлчөмүн көбөйтүү, стимулдаштыруучу эмгек акы фондусун жогорулатуу жана зарыл каражаттарды конкреттүү эсептеп чыгуу мүмкүндүгүн карап чыгуу милдеттендирилди.