Кыргызстандан акча сыртка агып жатат. Акыркы статистика

Соңку убакта чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн акчалардын агымы уламдан-улам өсүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Быйылкы жылдын октябрь айында Кыргызстандан сыртка чыккан акчалардын агымы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул туурасында Улуттук банктын отчетунда маалымдалат.

Кыргызстанга Россиядан көп акча которула баштады
Кеп жеке тараптардын которгон каражаттары туурасында болуп жатат.

Улуттук банктын сайтында 2005-жылдан берки маалыматтар камтылган. Соңку айларда сыртка чыккан акчалардын агымы рекорд коюп, сентябрь айында 52,1 миллион долларды түзгөн. Бул көрсөткүч кайра дагы жогорулап отуруп октябрда 56,4 миллион долларга жетти.