Соцтармак Айтматовдун сүрөтү түшүрүлгөн 10 миң сомдукту талкуулоодо

Бүгүн, 12-декабрда, улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленип жатат. Социалдык тармактарда жазуучунун сүрөтү түшүрүлгөн 10 миң сомдук купюранын сүрөтү тарады.
Sputnik

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү түшүрүлгөн 10 миң сомдук купюра жасалма экенин Улуттук банктан билдиришти.

​Белгилей кетсек, бүгүн улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленип жатат. Социалдык тармактарда жазуучунун сүрөтү түшүрүлгөн 10 миң сомдук купюранын сүрөтү жарыяланган. Ал кагаздын дизайны 1000 сомдук банкнотко окшош.

"Мындай банкнот чыгарылган эмес жана жакын арадагы планда дагы жок. Банкнот жана тыйындарды чыгарууга бир гана Улуттук банк укуктуу экенин эскертебиз", — деп айтылат маалыматта.

100 сомдук купюра чет элдик аукциондо миңдеген рублге сатылып жатат
Ошондой эле бул ведомство эгер жаңы купюра чыгарыла турган болсо, коомчулукка алдын ала маалымдалары кошумчаланат. Эгер кимдир бирөөнүн колуна шек жараткан банкнот туш келип калса, аны өткөрүп жибербей жакын жердеги Улуттук банктын бөлүмдөрүнө же Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшү кызматына кайрылууну эскертти.

Учурда Кыргызстанда эң жогорку банкнот 5000 сом болуп саналат.