Чыңгыз Айтматовго "Ата-Бейитте" куран окутулду

Айтматов 2008-жылы 80 жаш курагында дүйнө салган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

1 / 6
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду.
2 / 6
Жазуучуну эскерүүгө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Чыңгыз Айтматовдун туугандары, достору жана чыгармачылыгына таазим эткендер келишти.
3 / 6
Гүл койгондон кийин куран окулду.
4 / 6
Андан соң Жээнбеков жана аны коштогондор 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелигине, 1916-жылдын курмандыктарынын монументине жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын курмандыктарынын мемориалына гүл коюп, куран окутушту.
5 / 6
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду.
6 / 6

Кыдырга жолугуп, президенттиктен баш тарткан. Чыңгыз Айтматов тууралуу 22 факты