БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. XX кылымдын эң популярдуу ыры делип Queen тобунун "Богемская рапсодия" чыгармасы табылды. Бул тууралуу Sputnik Молдова жазды.
Маалыматка караганда, аталган чыгарманы Youtube каналы аркылуу 1,5 миллиард адам уккан.
"Богемская рапсодия" ырын аталган британиялык топтун жетекчиси Фредди Меркьюри 1975-жылы жазган.
Ырда а-капелла, баллада, опера, рок, кода сыяктуу беш музыкалык жанр коштолгон. Музыкалык чыгарма Billboard америкалык журналынын көрсөтмөсү боюнча үч жолу 100 мыкты чыгарманын катарын толуктаган.