Муфтий Токтомушев Парижде ислам маселелерин талкуулап жатат

Иш-чаранын алкагында Токтомушев Россиянын, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин муфтийлери менен жолугушту.
Sputnik

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Парижде өтүп жаткан "Ислам жана глобалдашуу маселелери" аталышындагы XIV эл аралык форумга катышып жатканын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. 

Международный форум "Ислам и вопросы глобализации" проходившим в Париже

Маалыматка ылайык, иш-чарага Европа, Азия мамлекеттеринин муфтийлери, серепчилер жана Евразия чөлкөмүнөн 40тан ашуун диний мекемелердин жетекчилери катышып, тажрыйба алмашуу, биримдик, тынчтык жана көп маданияттуу коомдогу ынтымак, укуктук адеп-ахлактык чечимдер, исламдын келечеги, радикализмге жол бербөө маселелери каралууда.

Жээнбеков: динчилдер менен динден алысмын дегендердин мамилесин чыңдоо керек
Форум Франция мусулмандар кеңеши, Франция мусулмандар биримдиги, "Улуттук көрүнүш" уюму жана Россия илимдер академиясынын Чыгыш кол жазмалар институту тарабынан уюштурулуп жатканы айтылды.

Иш-чаранын алкагында Токтомушев Россиянын, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин муфтийлери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу, илимий жыйындарды биргеликте уюштуруу жаатында пикир алышты.