Тумандан улам "Манас" аэропортунда бир нече каттам кармалып жатат

"Манас" аэропорту элден каттамдардын кармалышына түшүнүү менен мамиле жасоону өтүнөт.
Sputnik

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортундагы коюу тумандан улам бир нече каттам кармалып турганын аба майдандын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө 150 метрден алыс жер көрүнбөй жатканы айтылат.

"Казань менен Москва шаарларынан келе жаткан учактар Ош шаарынын запастагы аэродромуна конду. Ошондой эле Стамбулдан келе жаткан эки учак Алматыга конууга аргасыз болду", — деп жазылат маалыматта.

"Манас" аэропорту элден каттамдардын кармалышына түшүнүү менен мамиле жасоону өтүнөт.