Радио

Эралиев: аксакал режиссерлордун идеялары кагаз бетинде калууда

Кинорежиссер, "Кыргыз кино" Улуттук концернинин экс-президенти Замир Эралиев аксакал кинорежиссерлордун идеяларын Кинематография департаменти колдобой койгондугун маалымдады.
Sputnik
Эралиев: аксакал режиссерлордун идеялары кагаз бетинде калууда

Быйыл Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата тийиштүү мамлекеттик мекемелерге даректүү тасма тартуу боюнча сунуш жөнөткөм. Бирок андан эч майнап чыккан жок. Бул тууралуу Замир Эралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда кино тармагы өнүгүп жатат, бирок аксакал кинорежиссерлордун идеялары кагаз бетинде гана калууда.

"Жаш, орто муундагы кинорежиссерлор жакшы эле эмгектенип жатышат. Кино тармагы өнүгүп, жаңы тасмалар жаралууда. Мен, Болот Шамшиев сыяктуу режиссерлор аксакал адамдарданбыз. Быйыл Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине даректүү тасма тартайын деп тиешелүү мекемелерге сунушумду жөнөттүм. Киностудия унчукпайт. Жок дегенде сыйлап жооп берип коюшса болмок. Болот Шамшиев болсо төрт бөлүктөн турган "Кожомкул" тасмасын тартуу боюнча идеяларын сунуш кылса, бийлиги дагы, Кинематография департаменти дагы колдоого алган жок. Биз өзүбүздүн тарыхыбызды билбейбиз. Жадагалса бизде улуттук намысты көтөргөн бир эле китеп, Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылычы" бар. Аны да тасма кылып тарта албай жүрөбүз", — деди Замир Эралиев.

Режиссер бул идеялар Апрель революциясынан кийин ишке ашпай калгандыгын кошумчалады.