Instagram аркылуу аудио билдирме жөнөтүүгө жол ачылды. Жол-жобосу

Аудио билдирүүлөрдү бир адамга жана чаттарга жиберүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Instagram фотосервисинин негиздөөчүлөрү аудио билдирүүлөрдү жөнөтүү функциясын ишке киргизди. Бул тууралуу компания өзүнүн Twitter баракчасына жарыялады.

​"Бүгүнтөн баштап досторуңузга аудио билдирүүлөрдү жөнөтө аласыз", — деп айтылат билдирмеде.

Аудио билдирүү жөнөтүү үчүн Direсt бөлүмүндөгү микрофондун белгисин басып туруп сүйлөө керек. Билдирмени бир адамга, ошондой эле чатка жөнөтүүгө болот.

Жаңы опция дүйнө жүзү боюнча iOS менен Android үчүн ишке киргизилди.