Брюсселде КР менен Евробиримдиктин кызматташуусу талкууланды

Кыргыз делегациясын ТИМ жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков жетектеп барды.
Sputnik

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Брюссель шаарында Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташуусу боюнча Кеңештин отуруму өтүп, КРге бериле турган акчалай жардам боюнча да сөз болду. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кыргыз делегациясын ТИМ жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков жетектеп барды.

1 / 2
Брюссель шаарында Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташуусу боюнча Кеңештин отуруму өтүп, КРге бериле турган акчалай жардам боюнча да сөз болду.
2 / 2
Кыргыз делегациясын ТИМ жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков жетектеп барды.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Европа тарап Кыргызстандын билим берүү тармагына 36 миллион евро, андан сырткары, Кыргызстандагы социалдык жактан коргоо тармагын реформалоого экинчи транш менен 5,75 миллион евро жана биринчи траншка калган 750 миң евро суммасындагы каражат бөлүүнү дагы бир ирет тастыктады", — деп айтылат маалыматта.

Экинчи тараптан ЕБдин кеңешинин төрагасы, Австриянын федералдык, интеграция жана тышкы иштер министри Карин Кнайсль жетектеген делегация катышты.

Путин австриялык министр айым менен анын тоюнда вальс бийледи. Сүрөт
ТИМ башчысы Айдарбеков кыргыз тараптын ЕБдин Борбор Азия аймагы боюнча 2019-жылы кабыл алынышы күтүлүп жаткан жаңы стратегиясын колдоорун билдирген.

Мындан сырткары, ВСП+ макамы эске алынган соода-экономикалык кызматташуулар талкууланды. Кыргыз тараптын Европанын рыногуна экологиялык таза азыктарды чыгарууга даяр экендиги айтылды. Андан сырткары, ЕБ мамлекеттеринен инвестиция тартып келүү тууралуу сөз болгон.

Сүйлөшүүлөрдүн аягында Айдарбеков Кнайсль менен бирге журналисттерге билдирүү жасады.