Бишкекте биринчи жолу "Туура тамактануу" фестивалы өттү

Фестивалга 500 бала жана чоң кишилер катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бишкекте алгачкы ирет "Туура тамактануу" фестивалы болуп өттү. Бул туурасында БУУнун Кыргызстандагы Азык-түлүк программасынын маалымат кызматы билдирди.

1 / 4
Бишкекте алгачкы ирет "Туура тамактануу" фестивалы болуп өттү
2 / 4
Анын алкагында театралдаштырылган оюн-зоок, чеберчилик сабагы, сынактар, викториналар уюштурулуп 500 бала жана чоң кишилер катышкан
3 / 4
Мунун алкагында алар пайдалуу тамактардын рецептерин үйрөнүштү
4 / 4
Аталган иш-чара Россиянын Тармактуу тамактануу институту, БУУнун Азык-түлүк программасы, Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте уюштурулган.

Анын алкагында театралдаштырылган оюн-зоок, чеберчилик сабагы, сынактар, викториналар уюштурулуп 500 бала жана чоң кишилер катышкан. Мунун алкагында алар пайдалуу тамактардын рецептерин үйрөнүштү.

"Эң кичинекей катышуучулар туура тамактануунун "суперагенти" наамы үчүн интерактивдүү жана квест оюндары боюнча ат салышты. Катышуучулар ар кандай белектер менен сыйланды. Фестиваль мындан ары тез-тез өтүп турмакчы", — деп айтылат маалыматта.

Аталган иш-чара Россиянын Тармактуу тамактануу институту, БУУнун Азык-түлүк программасы, Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте уюштурулган.